"Ислам мамлекети" лидерлеринин бири каза тапканын ырастады

© AFP / HAIDAR HAMDANIСогушкерлер, архивдик сүрөт
Согушкерлер, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Коргоо департаментинин маалыматына ылайык террорчу "Ислам мамлекети" тобунун маалымат министрлигин жетектеген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу лидерлеринин бири Сириянын Ракка шаарынын жанындагы соккудан каза тапкандыгын дүйшөмбү күнү билдирди. Бул туурасында Рейтер басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Сирия, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Түркия аскерлери Сирияда "Ислам мамлекетинин" 18 согушкерин жок кылды
Буга чейин Пентагондун өкүлү Питер Кук билдиргендей, 7-сентябрда коалиция күчтөрү Ракка шаарынын жанына сокку урганын жана алардын көздөгөн максаты "Доктор Ваил", тагыраак айтканда, Ваил Адил Хасан Салман аль-Файадды жок кылуу болгон.

АКШнын Коргоо департаментинин маалыматына ылайык террорчу "Ислам мамлекети" тобунун маалымат министрлигин жетектеген.

Анын жайы, өлтүрүлгөн убактысы жана аль-Файадга тиешелүү башка маалыматтарды агенттик билдирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0