Красноярскиде окуучу соцтармактагы талаш үчүн экинчисин бычактап салды

CC BY 2.0 / Mr Seb / The diary of a psychopathБычак кармаган киши. Архив
Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда бычакталган баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Красноярск шаарында мектеп окуучулары социалдык тармакта араздашып, чырын чечүү максатында бирөө эки досун алып келсе, экинчиси төрт досун ээрчите келип, бычакташкан. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. 

Анын айтымында, бул окуя жекшемби күнү "Пашенный" кичи районунда болгон. 

"Алдын ала маалыматтарга караганда, 7-класстын окуучулары социалдык тармактарда кайым айтыша кеткен. Алар жолугушабыз деп сүйлөшүп, окуучунун бири бычак көтөрө келип экинчисин сайган",––дейт ал.

Маалыматтарда бычакталган баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калгандыгы айтылды. 

Аймактын тергөө комитети учурда кол салган жана каза тапкан окуучунун достору тергелип, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0