БУУ Сауд Аравиясын балдарды жазалоодон баш тартууга чакырды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСауд Аравиясы, архвидик сүрөт
Сауд Аравиясы, архвидик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер Сауд Аравиясын балдарды өмүр бою жана жалгыздап түрмөгө отургузуудан, жашы жете электерди өлүм жазасы аткарылган жерге катыштыруудан баш тартууга чакырды.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. БУУнун Балдардын укугу боюнча комитети

Сауд Аравиясын кыздарды таш бараңга алып, денесинин бөлүгүн кесип салуу сыяктуу жазалоодон баш тартууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип билдирди. 

Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине арналган имараттын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы алгачкы балдар хосписине имарат бөлүп берди
Комитеттин көз карандысыз эксперттери падышалыкта шариаттын мыйзамдары баарынан бийик турарын билдирген. Аталган тарап Эр-Рияддын "кыздардын укуктары толук кандуу деп эсептелбестигин, бул мыйзамдар күнүмдүк жашоодо кезигерин, андан сырткары патриархалдык система таңуулана тургандыгын" айткан.

Докладдагы маалыматтарда аталган өлкөдө 15 жаштан жогорку курактагы балдар чоңдор сыяктуу эле өлүм жазасына тартылары белгиленет. Январдан тарта 47 киши өлүм жазасына тартылса, алардын төртөө 18 жашка чыга элек балдар болгон.

Эксперттер Сауд Аравиясын балдарды өмүр бою жана жалгыздап түрмөгө отургузуудан, жашы жете электерди өлүм жазасы аткарылган жерге катыштыруудан баш тартууга чакырды. Алар сексуалдык жактан асылуунун кайсы түрү болбосун, бул кылмыш катары каралышы зарылдыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0