Чылым чегүүгө тыюу тамекини аз тарткандарга аталган илдеттен арылуусуна көмөктөшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧылым чегүүгө тыюу белгиси, архивдик сүрөт
Чылым чегүүгө тыюу белгиси, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майк Вуоло баштаган бир канча окумуштуулар 2004-жылдан бери тамеки тартууга тыюу салынган 500дөн ашуун шаарларда иликтөө жүргүзгөн соң гана ушундай чечимге келишкен.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам аз чылым тарткан адамдардын аталган адаттан арылуусуна жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Health and Social Behavior журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Огайо университетинин окумуштуусу Майк Вуолонун айтымында, адамдардын көпчүлүгү тамеки тартканды кафе, ресторандарда достору менен отуруп үйрөнүшкөн. 

"Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынса, чылымды аз тарткан адамдарга пайда болот. Анткени алар көпчүлүк учурда кафе, ресторандарда достору менен гана тартышат. Ал эми үйүндө жалгыз калганда бул адатты кайталашпайт деле", — дейт окумуштуу. 

Майк Вуоло баштаган бир канча окумуштуулар 2004-жылдан бери тамеки тартууга тыюу салынган 500дөн ашуун шаарларда иликтөө жүргүзгөн соң гана ушундай чечимге келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0