Нобель сыйлыгы быйыл Колумбия президентине ыйгарылды

© REUTERS / Jose Gomez Колумбиянын президенти Хуан Мануэл Сантоско тынчтык үчүн нобель сыйлыгын ыйгаруу аземинде
Колумбиянын президенти Хуан Мануэл Сантоско тынчтык үчүн нобель сыйлыгын ыйгаруу аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө ар бир Нобель сыйлыгынын суммасы 8 миллион швед кронун же 932 миң долларды түзөт.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгы быйыл Колумбиянын президенти Хуан Мануэл Сантоско ыйгарылганын Ослодогу норвегиялык нобель комитети билдирди.

Химия боюнча Нобель сыйлыгы 2016-жылы окумуштуулар Жан-Пьер Саважга, Фрезер Стоддартуга жана Бернард Феринге синтез молекулярдык машина эмгеги үчүн ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан
Нобелдин химия боюнча сыйлыгы "молекулярдык машина" синтези үчүн берилди
Сыйлык өлкөдө 50 жылдан бери созулуп келе жаткан жарандык согушту токтотууга багытталган аракет үчүн берилген. Швед илимпозу Альфред Нобелдин ыктыярына ылайык, тынчтыкты бекемдөө үчүн берилүүчү сыйлык Стокгольм эмес, Ослодо ыйгарылуучу беш сыйлыктын бири болуп саналат. 

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи салтка айлангандай Нобелдин өлгөн күнү — 10-декабрда өтөт. Быйыл ар бир Нобель сыйлыгынын суммасы 8 миллион швед кронун же 932 миң долларды түзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0