Рамзан Кадыров балдары мушташкан турнир боюнча Емельяненкого жооп айтты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү
Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Чеченстан президентинин 10 жашар баласы спорттун аталган түрү боюнча атаандашын нокаутка жыккан. Емельяненко балдардын мушташ оюндарына катышуусу боюнча сын айткан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров балдардын катышуусу менен Грозныйда өткөн ММА боюнча турнирди сындап Россиянын ММА кеңешинин президенти Федор Емельяненко туура эмес кылды деди. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

ММА кеңешинин президенти Федор Емельяненконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Рамзан Кадыровдун тестиер балдары ММА турнирине чыгып, сынга кабылды
Шейшемби күнү Грозный шаарында өткөн ММА оюндарынын турниринде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 10 жашар уулу Ахмад атаандашын 14 секундада нокаут менен жеңген.

Анын Эли (9 жаш) жана Адам (8 жаш) аттуу эки досу 27 жана 35 килограммдык салмактагы көрсөтмө оюндарда атаандаштарынан үстөмдүк кылган.

Бул оюндардан кийин Емельяненко 12 жашка чейинки өспүрүмдөрдү ММА оюндарына катыштырууга таптакыр болбогондугун айтып, сын-пикирин билдирген.

Чеченстан башчысы бул туурасында пикирин Instagram баракчасына жазган. 

"Эгерде Федор Емельяненко Grand Prix Akhmat — 2016 турнири боюнча жылуу сөзүн айтып, анан балдардын көрсөтмө оюндарына катышуусун сындаса аны түшүнүү менен кабыл алат элем. Орус элинин баатыры катары Чеченстанды майрамы менен куттуктап, ММА боюнча алган жеңишибизди белгилеп, жок дегенде бизге бир ирет келип Чеченстанда спортту кантип өнүктүрүп жана кандай турнилерди өткөрүп жатканыбызды көрсө болмок. Анын минтип айткандары бир топ суроолорду жаратты… Федордун минтип чагымчылык маанайды жараткандай кеп-сөзү кызыктай көрүнөт экен. Чоочун бирөөнүн баласынын сүрөтүн чыгарып алып, ал туурасында ар кыл кепти жараткан пикирлерди жазуу этика менен нарктуулукка жатпайт. Биз бала кезден тарта Россиянын коргоочулары менен патриотторун өстүрүп келебиз. Федор, сиз туура эмес иш жасадыңыз! Орустун баатырлары мындай кылбайт!",— деп жооп берген Кадыров. 

ММА (эрежесиз эр уруш) — аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирлер дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0