Ким Чен Ындын дарысын тейлеген аткаминер Япониядан баш калка сурап жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын архивдик сүрөтү
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киодо агенттиги Пекиндеги Япониянын элчилиги мындай маалыматтарды четке кагып, эч ким кайрылбагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Түндүк Кореядагы жогорку кызматтагылардын бири, Ким Чен Ындын үй-бүлөсүн дары-дармек менен камсыздаган аткаминер Японияга башпаанек издеп кайрылган. 

Мындай маалыматты шаршемби күнү РИА Новости Киодо агенттигине таянып кабарлаган.

Түндүк Кореяда ракетанын учурушунун сынагын сыналгыдан көрсөтүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Япония Түндүк Кореяга эки тараптуу чараларды көрүшү мүмкүн
Түштүк Кореялык "Чунан ильбо" гезити түндүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминери аталган өлкөнүн атайын кызматтарынын аңдуусунан качып, Пекиндеги Япониянын элчилиги менен байланышканын жазды. Ал туугандары Күн чыгыш өлкөсүндө жашай турганын айтып, аны да аталган мамлекетке жөнөтүүнү өтүнгөн.

Жогорку кызматтагы дагы бир чиновниктин Япониядан баш паанек сураганы айтылып, бирок анын аты-жөнү ачыкталган жок. 

Киодо агенттиги Пекиндеги Япониянын элчилиги мындай маалыматтарды четке кагып, эч ким кайрылбагандыгын билдирди. 

Июль, августтагы дүйнөлүк басылмалар түндүк кореялык жогорку кызматтагы аткаминерлердин башка өлкөлөргө удаа-удаа өткөн бир нече учурларды жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0