Якутияда студент музыканы өчүр деген мугалимин сабап салды

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштугун көрсөтүп турган киши. Архивдик сүрөт
Муштугун көрсөтүп турган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул факты боюнча атайын текшерүү иштери башталып, учурда тергөөчүлөр анын себебин аныктап жатышат.

БИШКЕК, 5-окт. – Sputnik. Якутиянын прокуратурасы студенттер мугалимин уруп жаткан Интернеттеги видеороликтен улам иликтөө иштерин баштады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.  

Анда колледждин студенттери сабак учурунда музыка угуп отурганы үчүн эскертүү берген мугалимди уруп жатканы тартылган. 

Ведомствонун маалыматында бүгүн интернетте Нерюнгри аймагындагы окуу жайдын студенти мугалимди сабап жаткан учуру тарап кеткен. Ал факты боюнча атайын текшерүү иштери башталып, учурда тергөөчүлөр анын себебин аныктап жатышат. 

"Алдын ала берилген маалыматтарда бул окуя 3-октябрда Нерюнгри шаарындагы түштүк-технологиялык колледждеги физика сабагы учурунда болгон. Ага I курстун студентинин чөнтөк телефондон угуп жаткан музыканы өчүрүүгө берген эскертүүсүнүн жоопсуз калганы болгон",— деп айтылат маалыматта. 

Акыркы кездерде мектеп окуучуларынын, жогорку окуу жайлардын студенттеринин мугалимдерге болгон акылга сыйбаган мамилеси туурасында Интернетте көп учурлар жарыяланып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0