Аукциондо Чеховдун 23 жашында жазган катын 3,6 млн. рублге сатышты

© Sputnik / Владимир Вдовин / Медиабанкка өтүүРоссиялык жазуучу Антон Чеховдун архивдик сүрөтү
Россиялык жазуучу Антон Чеховдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп сүйүүчүлөр жана коллекциячылар жазуучунун кол тамгасы коюлган китептерин да дароо алып кетишти.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Антон Чеховдун 23 жашында жазган каты аукциондо 3,6 млн. рублге сатылды. Бул туурасында РИА Новости "Литфонд" деп аталган аукцион үйүнө шилтеме кылып кабарлады. 

"Аукциондо эң көп кызыктыргандардын катарында жазуучунун үй-бүлөлүк катташтагы досу Гавриил Кравцовго жазган каты болду. Ал Чеховдун тунгуч китеби чыгардан мурда жазылган экен. Анда автор өзүнүн бир нече псевдонимдерин белгилеген. Каттар алгач, 2,1 миллион сомго бааланып, акыркы наркы 3,6 миллион рублге чейин өстү", — деп айтылат маалыматта.

Коллекциячылардын кызыгуусун арттырган Чеховдун 1884-жылы чыккан "Сказки Мельпомены. Шесть рассказов" аттуу алгачкы аңгемеси болду. Ал 1,8 миллион рублге соодаланды. Алгач, аны 600 миң сом деп бааланган. Булардан сырткары Чеховдун кол тамгалары коюлган китептерин да тооруктан сатып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0