Аркасы менен пенальти тоскон дарбазачынын видеосу интернетти жарды

© AFP / SEBASTIEN BOZONТопту тозуп жаткан дарбазачы
Топту тозуп жаткан дарбазачы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Франциянын "Ванн" футболдук клубунун дарбазачысы Жан-Франсуа Беденик пенальтини далысы менен тосуп чеберчилигин көрсөттү деп жазат The Mirror басылмасы. 

Оюн жүрүшүндө 11 метрлик айып тобу белгиленип, дарбазачынын атаандашы катуу сокку узаткан. Жан-Франсуа Беденик топтун багытын таба албаганы менен штангага кадалган топ кокустан далысына тийип кирбей калган. Ыңгайлуу шартты колдон чыгаргысы келбеген оюнчулар дагы эки ирет аракет кылып, биринчисин бут, экинчисин кол менен тосуп топту тосуп калган. 

Оюндун жүрүшү менен интернет жылдызына айланган дарбазачынын командасы 3:0 эсебинде утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0