Япониядагы "Чаба" 300 рейсти токтотту

© REUTERS / KYODOЯпониядагы тайфундан улам чыккан толкундар. Архивдик сүрөт
Япониядагы тайфундан улам чыккан толкундар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордо шамал секундасына 50 метрге чукулдап барган. Тайфун катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолууда.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 298 аба каттамы Японияга улам жакындап келе жаткан "Чаба" деп аталган күчтүү тайфундан улам учпай калды деп жазды РИА Новости.  

Японияга жер титирөөдөн кийин калыбына келтирүү үчүн 2,5 млрд. доллар керек
Күн Чыгыш өлкөсүнүн тогуз авиакомпаниясы Окинава тарапка уча турган каттамдарын токтотту. 

Учурда тайфун Окинава префектурасынын түштүк аймагында болуп жатат. Кечээтен тарта ал архипелагдын аралдарына жакындап, бирок багытын өзгөрткөн. Синоптиктер тайфун түндүк-чыгышка жылып, Япониянын үстүнөн өтөт деп билдиришти.

Борбордо шамал секундасына 50 метрге чукулдап барган. Тайфун катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0