Араб Эмираты Ирактын Мосулун калыбына келтирүүгө 50 млн. доллар бөлөт

© REUTERS / StringerИрактын Мосул аймагынын архивдик сүрөтү
Ирактын Мосул аймагынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы беш жыл ичинде аталган мамлекет Иракка 180 миллион долларлык каражат бөлгөн.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлиги "Ислам мамлекети" террордук уюму басып алган Мосул шаарын калыбына келтирүү үчүн 50 миллион доллар бөлөрүн билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Тегеран шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирактын парламентинин башчысы Тегеранда Мосулду бошотууну талкуулайт
Каражат "Мосулдун туруктуулугун камсыздоо жана шаарды калыбына келтирүү үчүн бөлүнөт" деп айтылат жергиликтүү агенттиктин кабарында.

Буга чейин апрель айында Бириккен Араб Эмирлиги террорчулардан бошотулган Анбар, Диял жана Салах-эд-Дин аймактарын калыбына келтирүү үчүн 10 миллион доллар бөлгөн эле.

Аталган мамлекеттин ТИМинин маалыматында акыркы беш жыл ичинде Ирак Бириккен эмирликтен 180 миллион долларлык каражат жардам алган.

Саламаттык сактоо, билим берүү жана электр жабдуулары тармагын калыбына келтирүү террорчулардан бошотулган аймактарда биринчилерден болуп жасала турган иштерден деп билдиришти маалымат каражаттары.

Жаңылыктар түрмөгү
0