Түркия "Ислам мамлекетинин" изи жоголмоюн аскердик операциясын токтотпойт

© AFP / BULENT KILICСириянын түндүк тарабында Түркия аскерлеринин архивдик сүрөтү
Сириянын түндүк тарабында Түркия аскерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мевлют Чавушоглу гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана Сирия элдешүүсү боюнча маселени кароодо Россия менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Сириянын түндүк тарабында Түркия жүргүзүп жаткан согуштук операция бир нече жылдарга созулушу ыктымал экендигин өлкөнүн мансаптуу чиновниги Рейтер агенттигине билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Андагы маалыматка караганда Түркия "Ислам мамлекети" террордук уюмунун изи жоголмоюн аларга каршы операциясын токтотпойт.

Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Калифорния тургуну террорчуларга кошулам деп 30 жылга түрмөгө кесилди
Аткаминердин айтымында, эгер сириялык Күрддөрдүн коргоо күчү Ракка шаарын согушкерлерден тазалай турган болсо, кийин анда жашаган күрддөр менен сириялыктардын ортосунда этникалык жаңжал чыгып кетүүсү ыктымал. Буга байланыштуу күрд Коргоо күчү Ракка шаарында согушкерлерге каршы операция жүргүзбөй эле койгону жакшы. Бирок күрддөрдүн бир бөлүгү шаардан чыгып кетүү боюнча сөз бергени менен Еврат дарыясынын жээгинен кетип калбай, Манбиж шаарында жүргөнү айтылды.

Буга чейин РФтин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Россия менен Түркиянын Сирия боюнча кызматташуусу конструктивдүү жүрүп, бирдиктүү аракеттер болушу ыктымал экенин билдирген. Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана Сирия элдешүүсү боюнча маселени кароодо Россия менен кызматташууга даяр экендигин айткан.

Белгилей кетсек, 24-августта Түркия "Евраттын калканы" аттуу операциясын Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы жүргүзө баштаган. Ал эми Сирия оппозициясы менен биргеликте Жараблус шаарын алышкан. Сириялык күрддөр Түркиянын аракетин баскынчылык катары баалап, күрддөргө каршы саясат жүргүзүп жатат деп жар салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0