Испаниянын соту мурдагы мэрди коррупция үчүн 17 жылга кести

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelСот балкасы, архивдик сүрөт
Сот балкасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал мэрликти 24 жыл аркалаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Испаниянын соту Ла-Муэла муниципалитетинин мурдагы мэри Мария Виктория Пинильяны акча жегени, алдамчылык жана пара алганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости El Mundo басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Ал мэрликти 24 жыл аркалаган. 

Сот андан сырткары, мурдагы мэрди кызматты аркалап турган учурда жасаган бир катар кылмыштары үчүн 9,9 миллион евро айып төлөөгө милдеттендирди.

Башында айыптоочу тарап аны 35 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

Ошентип 2009-жылдан бери уланып келе жаткан сот ишине чекит коюлду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0