Белгисиз бирөөлөр Пакистандагы гезиттин журналистин уурдап кетишти

© Sputnik / Пахомов / Медиабанкка өтүүПакистандын полиция кызматкерлери, архивдик сүрөт
Пакистандын полиция кызматкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдо кетип бара жатканда анын автоунаасын белгисиз эки машина торой келип токтогон.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Пакистанда белгисиз бир топтун адамдары Daily Jang деп аталган гезиттин аткаруучу директору Абида Абдулланы уурдап кетишти. Бул туурасында РИА Новости Nation басылмасына таянып кабарлады.

Йемендин желегин кармаган жаш бала. Архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Йемендеги үйлөнүү тойдогу жарылуудан 12 аял жана 4 бала каза тапты
Окуя шаршемби күнү Абиддин Пешаварга жасаган иш сапары учурунда болгон. Жолдо кетип бара жатканда анын автоунаасын белгисиз эки машина торой келип токтогон. Маалыматтарда кеминде сегиз киши чуркап чыгып, курал такап журналист менен анын айдоочусун уурдап кеткендиги кабарланган.

Кечирээк алар айдоочунун аман-эсен коё беришкен. Полиция учурда иштин чоо-жайын иликтеп баштады. Айдоочуга уурдаган кишилер аларга акча баалуу эместигин кулак кагыш кылышкан деп жазды басылма. 

Daily Jang гезити Пакистандагы мурдагы басылмалардын бири, ал 1939-жылы түптөлгөн жана ири шаарларда 800 миң нуска менен таратылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0