Түркияда кыргыз, казак кыздарын сойкулукка мажбурлагандар 27 жылга кесилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак, архивдик сүрөт
Абак, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сойкулук менен алектенүүгө шектелгендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында кармалган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түркиядагы Кожаели провинциясында кыргыз жана казак кыздарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап келген жарандар кармалып, алар алты жылдан 27 жылга чейин эркинен ажыратылгандыгы тууралуу Түркиянын Haberler басылмасы жазып чыкты Haberler.com.

Сойкулук иши менен алектенүүгө шектелгендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында кармалышкан. Алардын алтоо сутенёр болсо, тогузу сойкулук менен алектенген кыргыз, казак кыздар болуп чыккан. 

Сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Бишкекте сойкулардын кызматын тартуулган сауна табылды
Кожаели провинциясынын аймактык полиция башкармалыгы кармалган алты сутенёрду кечээ алты жылдан 27 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми кыргыз, казак кыздарынын азыркы абалы боюнча маалыматтар айтылган эмес. 

Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуянын чоо-жайы иликтенип жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0