Йемендеги үйлөнүү тойдогу жарылуудан 12 аял жана 4 бала каза тапты

© REUTERS / Mohamed al-SayaghiЙемендин желегин кармаган жаш бала. Архивдик сүрөтү
Йемендин желегин кармаган жаш бала. Архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда колуктунун жин оорусунан жабыркаган атасы аялдар тойго чогулган жерден граната жардырып жибергендиги айтылат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Йемендеги Ибб провинциясындагы тойдо граната жарылып, 12 аял жана төрт бала мерт кетти. Бул туурасында РИА Новости "Хадрамаут" интернет-порталына шилтеме кылып кабарлады.  

Сапер. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Бишкекте колго жасалган жардыруучу түзүлүш табылды
Маалыматтарга караганда, дагы 20га чукул аял жарадар болуп, Иббдеги жана кошуна провинция Дамардагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Маалымат булактарынын билдиргенине таянсак, колуктунун жин оорусунан жабыркаган атасы аялдар тойго чогулган жерден граната жардырып жиберген. Салтанат колуктунун чоң энесинин үйүндө болуп жаткан.

Кандуу той турмушка чыгып жаткан кыздын апасынын жана чоң энесинин өмүрүн кошо алып кеттти. Ал эми колукту конокторду тосууга кеч чыгып калып, ажалдан аман калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0