Кадыровдун жеңишин майрамдап Чеченстанда 12 жуп бир убакта той берди

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧечен республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү
Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чеченстанда 18-сентябрда аймактык шайлоо өтүп, Рамзан Кадыров кайрадан президент болуп шайланган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Рамзан Кадыровдун кайрадан президент болуп шайланышынын урматына Чеченстанда 12 жуп бир убакта үйлөнүү үлпөтүн өткөрүштү. Бул тууралуу Грозный шаарынын мэриясы билдирди. 

Борбор калаанын "Грозный" кабыл алуу үйүндө өткөн той мэрия тарабынан уюштурулуп, чечендердин салты менен өттү. 

Эске сала кетсек, Чеченстанда 18-сентябрда аймактык шайлоо өтүп, Рамзан Кадыров кайрадан президент болуп шайланган. Ага шайлоого келген элдин 97,94 пайызы добушун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0