Пентагон: "Ислам мамлекети" Иракта химиялык курал колдонушу мүмкүн

© AFP / STAFFПентагондун архивдик сүрөтү
Пентагондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ өкүлү снаряддын ичиндеги аралашмалар өлүмгө алып келе тургандыктан, ирактыктар мындай химиялык чабуулга даяр турушу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Пентагон "Ислам мамлекети" террордук уюму Мосул шаарын бошотуу учурунда ирактык өкмөттүн аскерлерине каршы химиялык курал колдонот деп шектенип турат. Бул туурасында журналисттерге АКШнын коргоо ведомствосунун өкүлү Жефф Дэвис билдирди. 

"Биз кандай билдирүү менен чыгып жатканыбызды жакшы билебиз. Буга чейин да "Ислам мамлекети" уюму иприт толтурулган колдо жасалган курал-жаракты бир нече ирет колдонуп келген", — деп айткан Дэвис. 

Анын айтымында, "Ислам мамлекети" бул куралды мүмкүнчүлүк болсо дагы деле колдонуудан кайра тартпайт. Анткен менен снаряддын ичиндеги аралашмалар өлүмгө алып келе тургандыктан, ирактыктар мындай химиялык чабуулга даяр турушу керек.

Cтратегический бомбардировщик США B-52. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Ирактагы ИМдин химиялык курал өндүрүүчү ишканасын жок кылды
Террорчулар Мосулду карай жылганда Ирак армиясына каршы химиялык куралды кайрадан пайдаланат деп билдирди АКШ өкүлү.

Түркия президенти Тайип Эрдоган жекшембиде ирак армиясы жана аскерлешкен ирак күрддөрүнүн Мосулду бошотуу боюнча чабуулу 19-октябрда башталарын айткан жайы бар. 

Мосул жана анын чет жакасы 2014-жылдан тарта террорчулардын көзөмөлүндө болуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0