АКШ окумуштуулары тыгында турган унаалардан энергия өндүрмөй болушту

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУвтоунаа тыгыны. Архивдик сүрөт
Увтоунаа тыгыны. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр энергия алуунун түрдүү жолдорун изилдеп, ушул суроонун үстүндө баш катырып келишет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Калифорния бийлигинин билдирүүсүнө караганда окумуштуулар тыгында турган унаалардан энергия өндүрүүгө боло тургандыгын изилдеп чыгуучу масштабдуу иликтөө долбоорун баштады. Бул тууралуу РИА Новости Phys.org сайтындагы маалыматка таянып жазып чыкты.

"Калифорнияда энергияны ушундай жол менен алуу реалдуу деп эсептейм. Унаа жүрүп бара жатканда жана тыгында турганда чыгуучу энергия жылуулук же вибрация аркылуу таркап кетет. Бул энергияны чогултуп алууга толук мүмкүнчүлүк бар", — дейт Калифорниянын Энергетикалык комиссиясынын жетекчисинин орун басары Майкл Грэйвли.

Киров суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: Борбор Азиядагы энергетикалык жана суу байлыктары адилетсиз пайдаланылууда
Акыркы убакта изилдөөчүлөр өндүрүштөгү электр энергиясын үнөмдөөмаксатында адамдын кыймыл-аракетинен энергия алуучу генераторлорду ойлоп табуу жана аны адамдын кийимине же мобилдик телефондорду кубаттоо үчүн бут кийимдердин таманына орнотуу талкууга алынууда.

Көптөгөн чиновниктер жана окумуштуулар бул идеянын ишке ашып, иштеп кетишине ишеним артканы менен коммерциялык жактан өзүн өзү актабай калышы мүмкүн деп күдүктөнгөндөр бар. Анткени жолдун асфальтын алмаштырып туруу керек. 

Ошол себептен электр энергиясын ушундай өзгөчө жол менен алуу долбооруна штат жетекчилиги эки миллион доллар бөлдү. Эгер бул пилоттук долбоор иштеп кетсе, анда Колифорния бийлиги жолдорду энергетикалык жактан "жашылдандырууга" мындан да чоң аракеттерди жасарын кабарлайт. Грейвлинин берген маалыматына ылайык, Энергетика комиссиясы бул "жашыл жолдор" аркылуу болжол менен колдонулуп жаткан электр энергиясынын жарымын кайтарып алууну көздөшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0