Анжелина Жоли Брэд Питтен кайсы жакка кеткенин басылмалар жазып чыкты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАктриса Анжелина Жолинин архивдик сүрөтү
Актриса Анжелина Жолинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын ажырашып жатканы боюнча маалымат 20-сентябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Актриса Анжелина Жоли күйөөсү Брэд Питт менен ажырашып жатканы баарына маалым. Ал Голливуддагы үйүнөн Калифорния штатынын Малибу аймагындагы коттеджге келгенин басылмалар жазып чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Актер Уильям Брэдли Брэд Питтин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ФБР балдарын какыс-кукус кылган Брэд Питтке иш козгошу мүмкүн
Ал убактылуу жашай турган жай Тынч океандын жээгинде шоу-бизнес жылдыздарынын үйлөрүнө жакын жайгашкан. Жоли Энтони Хопкинс, Жулия Робертс жана Шон Пенн менен кошуна болмокчу.

TMZ басылмасынын маалымдашынча Жоли балдары менен убактылуу жашай турган үйүнө келди. Океан жээгиндеги бул жайды актриса айына 95 миң долларга ижарага алды. Жоли бул үйдү ажырашуу боюнча документтер даяр болгуча үч жумага алганы айтылууда.

Эске салсак, Голивуддун эки жылдызы 2014-жылы расмий үйлөнүшкөн. Буга чейин алар чогуу жашап келишкен болчу. Алардын асырап алгандарын кошкондо алты баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0