Учактагы сапарлашынын толук болгонуна нааразы жүргүнчү сотко кайрылды

© Sputnik / Мария Ващук / Медиабанкка өтүүУчактын салону. Архив
Учактын салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал тогуз саат бою жүргүнчүлөр ары-бери баскан өтмөктө тикесинен туруп араң жеткендигин айткан.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Италиялык адвокат тогуз саат бою толук адамдын жанында учуп, кыйналып кеткендигин айтып, Emirates авикомпаниясын сотко берип жатат. Бул туурасында РИА Новости Arabian Business басылмасына таянып кабарлады. 

Стюардесса. Архив - Sputnik Кыргызстан
Араб Эмирлигинде стюардессаны өөп жиберген кишини түрмөгө отургузушту
Италиялык жактоочу сапардагы машакаты үчүн авиакомпаниядан 3,079 миң доллар өндүрүп алуу ниетинде. Ага Кейптаундан Дубайга учкан сапардын баасы жана дагы кошумча 2,2 миң доллар кирет.

Рейс учурунда жүргүнчү самолёттогу сапарлашы анын орундугуна да отуруп алгандыктан башка жерден орун берүүнү суранган. Мындай суранычка "экипаж эч нерсе болбогондой мамиле жасап, башка орун жоктугун айтып, ал тургай кечирим сураганга жараган эмес".

Жактоочу тогуз саат бою жүргүнчүлөр ары-бери баскан өтмөктө тикесинен туруп, кээде буттары чарчап кеткендиктен отуруп араң жеткендигин айткан. 

"Салондо башка бош орундар деле бар болучу",— деп жазган адвокат доо арызында.

Авиакомпания бул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0