Баңгизат менен шугулданган филиппиндик өлүмүш болуп, ажалдан аман калган

© REUTERS / CZAR DANCELБаңгизат менен шугулданган филиппиндиктерге каршы полициянын операциясы
Баңгизат менен шугулданган филиппиндиктерге каршы полициянын операциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дутерте бийликке келгенден бери өлкөдө баңгизат сатууга байланышы бар 2,4 миң киши өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Баңгизат менен шугулданган филиппиндик жаран полициянын атайын операциясы учурунда өлүмүш болуп, кардуу жазадан кутулуп, аман калган. Бул туурасында РИА Новости Al Jazeera телеканалына шилтеме кылып билдирди.

. Филиппиндеги Абу Сайяф деп аталган террордук тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Филиппиндик террорчулар барымтага алган баланын башын кесип таштап кетишти
Каналдын маалыматына караганда, окуя өткөн жума күнү жасалып, бирок, коомчулукка эми гана белгилүү болуп отурат. Полициянын жергиликтүү кызматкери баңги зат жана курал катып отурат деген шек менен 28 жаштагы Франциско Сантьягону 12 саат бою суракка алган. Акырында тартип коргоочу аны көкүрөккө жана ичке аткан. Октон аман калган Сантьяго жерге жыгылып, канга чыланган тейде, өлүп калган киши сымал көмкөрөсүнөн бир саатка чукул жаткан. Кийинчерээк аны ооруканага алып барганда, телеканалдын кабарчысына аман калышына "кандайдыр бир керемет эмес, эптеп тирүү калуу тактикасы" жардам бергенин айткан. 

Филиппиндердин жай айында шайланган президенти Родриго Роа Дутерте баңгизат колдонгондорго жана аны саткандарга аёосуз күрөш жарыялаган.

Полициянын маалыматына караганда, Дутерте бийликке келгенден бери өлкөдө баңгизат сатууга байланышы бар делген жана шектелген 2,4 миң киши өлтүрүлгөн. Дүйнө коомчулугу мамлекет башчынын баңгизат көйгөйүнө каршы мындай ыкма менен күрөшүүсүнө бир нече ирет нааразычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0