Москва: кампада чыккан өрт 8 куткаруучунун өмүрүн алды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоссиядагы өрт өчүрүүчүнүн архивдик сүрөтү
Россиядагы өрт өчүрүүчүнүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн кесепетинен куткаруучулар менен кошо кампада иштегендер каза болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү кечке маал Гольяново районунда жайгашкан кампада өрт чыгып, сегиз куткаруучунун өмүрүн алганын РИА Новости жазып чыкты. 

Жалпыга маалымдоо каржаттарынын маалыматына караганда Амур көчөсүндө пластиктен жасалган гүлдөргө толгон кампада өрт чыккан. Өрт 500дөн 4000 чарчы метрлик аянтты жалмап кеткен. 

Өрттү өчүрүүгө 160 куткаруучу жана 46 бирдик техника тартылган. Күйүп жаткан пластикти жөнөкөй ыкма менен өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан көбүк чачылган. Бир аздан кийин күйүп жаткан имараттын шыбы урап түшкөн. 

Москва шаарынын өрт өчүрүү кызматынын жетекчисинин орун басары Сергей Лысиков имаратта өрт коопсуздугу сакталбай келгенин билдирди. Буга байланыштуу тергөөчүлөр Кылмыш жаза кодексинин 3-беренеси (коопсуздукту сактоо эрежелеринин бузулушу) боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Учурда тергөө комиссиясы кырсык кылдатсыздыктан же электр зымдарынын биригип кетишинен чыгышы мүмкүн деген божомолдорду айтып жатышат. 

Күбөлөрдүн айтымында, өрт капысынан чыгып, анда иштеген аялдар сыртка чуркап чыга башташкан. 

"Айрымдары ыйлап, электр зымдары биригип же чайнек капысынан жалбырттап кеткенин айтып жатышты", — деп билдирди күбө. 

Сегиз куткаруучу имараттын ичинен чыкпай калган. Башка куткаруучулардын айтымында, алар үйдүн шыбы түшүп кеткенде каза болушу ыктымал. Мындан тышкары, РИА Новостинин ишенимдүү булактарынын билдиришине караганда урандылардын алдында кампада иштеген дагы он чакты адам болушу толук мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0