Уралда Т-80 танкы жүк ташуучу унаа менен кагышты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТ-80 танкынын архивдик сүрөтү
Т-80 танкынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уралдагы Салдин кан жолунда Т-80 танкы жана BAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышып, айдоочусу ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кырсык Свердлов облусунда катталып, унаанын айдоочусу ооруканага жаткырылганын Нижний Тагил шаарынын аймагын жана калкын коргоо борборунун сайты бүгүн жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, окуя 17-сентябрда болгон. Аталган калаанын Салдин жолунда полигонго багыт алган Т-80 танкы жана BAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. Унаанын кабинасында кысылып калган айдоочусун куткаруучулар алып чыккан. 

"Айдоочуну суу бара жабдыгынын жардамы менен унаадан алып чыгып, тез жардам тобуна тапшырдык. Жабырлануучу №1 бейтапканасына жаткырылды", — деп жазат борбордун сайты. 

Кырсыктын чоо-жайын Жол кайгуул кызматкерлери иликтөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0