Кытайдын Гуандун кыштагында жаңы "ташып келинген" Зика вирусун табышты

© AP Photo / Lynne SladkyAedes albopictus куртун изилдеп жаткан окумуштуу
Aedes albopictus куртун изилдеп жаткан окумуштуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зика оорусу "ташып келинген" эң биринчи факты өткөн аптада Кытайда Хэнань аймагында кездешкен.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жаңы "ташып келинген" Зика оорусу Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун кыштагында байкалды. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып жазып чыкты. 

Зика вирусу менен күрөшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сингапурда 355 адам Зика дартын жуктуруп алды
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда 55 жаштагы кытай тургуну Гватемаладан Гуанчжоу шаарына кайтып келген. Эртеси Цзянмэнь шаарынын ооруканасына ушул оорунун белгилери менен түшүп, Зика илдетине чалдыкканы аныкталган. Учурда ал башкалардан обочолонгон жайда дарыланып жатат. Буга чейин Гуандун кыштагында Зиканы жуктуруп алгандардын саны онго жеткен.

Зика оорусу "ташып келинген" эң биринчи факты өткөн аптада Кытайда Хэнань аймагында кездешкен. Кытайдын Инспекция, карантин жана сапатты текшерүү башкармалыгы Кытайга дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн жана аймактарынан келген кишилердин ден соолугун текшерерин кабарлашкан.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0