Окумуштуулар кандай адамдар муңдуу музыкага жакын болорун аныкташты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүМузыка угуп жаткан адам. Архив
Музыка угуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөдө кайгылуу музыка коюлуп, аны уккан адамдардын жүрөгүнү кагышы, ритмдерди кабыл алуусу атайын аппараттын жардамы менен текшерилген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Муңдуу музыкага ыктагандар башка адамдын кайгылуу тагдырын тең бөлүшүү менен өзүнүн жашоосуна айкалыштыргандан ырахат алышат. Бул тууралуу РИА Новости Frontiers in Psychology журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Үйлөнгөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар нике эркектердин ден соолугуна кандай таасир этерин изилдеп чыкты
Иликтөөдө муңдуу музыка коюлуп, аны уккан адамдарын жүрөгүнүн кагышы, ритмдерди кабыл алуусу атайын аппараттын жардамы менен текшерилип турган. Ал эми эксперимент аяктаган соң аларга адамдын эмоцияларын чагылдырган сүрөттөр берилген. 

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча муңдуу музыкага жакын адамдар кайгырып жаткан адамдын сүрөттөрүн тандашкан. 

Мындан улам муңдуу музыканы жактыргандар башка адамдын кайгылуу тагдырын тең бөлүшүү менен өзүнүн жашоосуна айкалыштыргандан ырахат ала турганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0