Пентагон: "Ислам мамлекетинин" маалымат министри жок кылынды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекети" террордук тобунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук тобунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидерлерине карата жасалган соккулар улантылууда.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыйноо жана дарга асуу боюнча видеоматериалдарды таратуу ишин жөндөгөн "Ислам мамлекети" террордук уюмунун маалымат министри деп эсептелген Ваиль Адил Хасан Салман аль-Файад жок кылынды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Пентагондун берген маалыматына таянып жазып чыкты. 

"7-сентябрда коалиция күчү аны Раккага жакын жерде катуу сокку уруп жок кылган. Максат — "Доктор Ваиль" деп аталган, башкача Ваил Адил Хасан Салман аль-Файад деген ат менен белгилүү "Ислам мамлекетинин" лидерин жок кылуу болгон", — деген Пентагондун расмий өкүлү Питер Кук.

"Доктор Ваилдин" өлүмү акыркы эки жумадагы "Ислам мамлекетинин" чоң кызматтагы лидерлеринин ичиндеги экинчи жоготуу болду. Буга чейин Пентагон 30-августтагы "Ислам мамлекети" уюмунун спикери Абу Мухаммад аль-Аднаниге карата болгон сокку ийгиликтүү аяктаганын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0