Мекенине кайтууга макул болгон качкындарга Германия бекер билим берет

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүМюнхенде Сириядан келген качкындар. Архив
Мюнхенде Сириядан келген качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт бул долбоорду колго алып, 25 миллион евро бөлдү.

БИШКЕК, 18–сен. — Sputnik. Германия мекенине кайтууга макул болгон качкындарга бекер билим берүү маселесин карап жатканын өлкөнүн Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү министри Герт Мюллер Welt газетасына билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Мюллердин айтымында качкындар үйүнө кайтып барганга чейин кесиптик билимге — электрик, куруучу, жана темир усталыкка үйрөнүшөт.

Министр качкын статусун алуу эки жылдан ашык убакытты алышы мүмкүндүгүн айтат.

"Качкын статусун алуу процесси жүрүп жатканда аларга иштөөгө уруксат берилбегендиктен алар бекерчиликке көнүп, депрессияга түшүп кетет", — дейт Мюллер.

Бул программанын максаты качкындарга өз эрки менен билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү. Биринчи баскычта 100 миллион евро керектелет. Өкмөт бул программаны колго алып, 25 миллион евро бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0