Изилдөөчүлөр өзгөчө жөндөмгө ээ карганын түрүн таап чыгышты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКарга. Архив
Карга. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргалардын тапкычтыкты аныктай турган сынакта башка канаттуу жана сүт эмүүчүлөргө караганда зээндүү экени аныкталган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Гаваи аралын байырлаган каргалар тамак таап жеш үчүн эмгек шаймандарын жасап жана аларды колдоно да билишет, булар өтө сейрек кездешүүчү жөндөмгө ээ чымчыктын экинчи түрү. Бул тууралуу РИА Новости Nature журналынын макаласына таянып жазып чыкты.

Окумуштуулар алгач аталган каргалар түптүз тумшукка ээ экенин байкашкан. 

"Балким бул адамдын баш бармагына окшоп, тамак таап жеш үчүн эмеспи деп ойлонуп калдык. Ушундай жөндөмгө ээ каргалар тукумунун дагы бир түрүнүн табылышы дүйнөдө эмгек шаймандарын жасай алуучу башка дагы канаттуулар, жаныбарлар бар болуш керек деген ойго түртөт", — дейт Сент-Эндрус (Шотландия) университетинен Кристиан Ратц.

Каргалар түркүмүндөгү көптөгөн канаттуулар акылдуу келишет. Алар тапкычтыкты аныктай турган сынакта башка канаттуулар жана сүт эмүүчүлөргө караганда зээндүү экендиги аныкталган. Мындай канаттуулардын көзү абдан курч келери да аныкталган.

Мурда Гаваи аралында кездешүүчү карганын бул түрү жер бетинен 2002-жылы жок болуп кеткен. Ал карганы 'Алаа (Corvus hawaiiensis) деп аташчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0