АКШда жайытты кеңейтүү үчүн 45 миң жапайы жылкыны жок кылуу каралууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖапайы ат. Архив
Жапайы ат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапайы жылкыларды салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жок кылышат. Алардын саны АКШнын бардык аймагын эске алганда 50 миңден кем эмес. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. АКШ бийлиги жапайы жаныбарлардын санын азайтуу менен фермерлер үчүн жайыттарды кеңейтүүгө багытталган программаны ишке ашырып жатат. Бул тууралуу The Independent деген британиялык басма жазып чыкты.

Аргымак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?
Бул программаны ишке ашыруу үчүн бийлик мамлекет карамагындагы жапайы жылкыларды жок кылуудан баштады. Өлкө боюнча жылкылардын саны 50 миңден кем эмес. Алардын 45 миңин жок кылуу тууралуу чечим чыкты.

ЖМКнын жазганына ылайык, жапайы жылкыларды жок кылуу салык төлөөчүлөрдүн эсебинен болмокчу. Бул иш качан, кантип ишке ашары тууралуу маалымат бериле элек.

Жапайы жаныбарларды коргоо боюнча активисттер электрондук өтүнүч кат жөнөтүүгө камынып турушат. Азырынча бул чечимге каршы 77 000 адамдын колу чогултулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0