Арктикада 170 жыл мурун чөгүп кеткен укмуштуу кеме табылды

© Фото / National Archives of CanadaМуздарга кыпчылып калган HMS Terror аттуу кемени тартып алган капитан Бэк
Муздарга кыпчылып калган HMS Terror аттуу кемени тартып алган капитан Бэк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр 1845-жылдан бери табылбай келген британиялык эки кемени таап чыгышканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Изилдөөчүлөр түндүк-батыш жолун Түндүк муз океаны аркылуу издеген Жон Франклиндин "Террор" кемесин таап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Guardian гезитине шилтеме кылып жазып чыкты.

"Титаниктен" да чоң лайнер алгачкы сапарына чыкты
Адашкан экспедиция британиялык деңиз офицери Жон Франклиндин жетекчилиги астында "Эребус" жана "Террор" кемелери менен жолго чыккан. Алар Арктика аркылуу Атлантика жана Тынч океандарына жол табууга аракет кылышкан.

Франклин жана 128 моряктан турган экипаж Британиядан 1845-жылы май айында жолго чыгып, акыркы жолу ошол эле жылдын август айында кабарлашкан бойдон дайыны чыкпай калган. "Эребус" кемесинин табылгандыгы жөнүндө 2014-жылы кабарланган.

Окумуштуулар Arctic Research Foundation аттуу изилдөөчү уюмдун жардамы менен чөгүп кеткен экинчи кемени табышкан.

"Биз каютага киргенге мүмкүнчүлүк алдык. Ал жерден консерва, идиш-аяк сакталган азык-түлүк кампасын таптык. Андан тышкары, шараптын эки бөтөлкөсү, столдор жана бош текчелердин бар экендигин байкадык", — деп экспедициянын жетекчилеринин бири Martin Bergmann маалымдады.

Жон Франклиндин жоголуп кеткен экспедициясы тууралуу америкалык жазуучу Дэн Симмонс белгилүү "Террор" романын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0