Кыргызстандык зыяратчылар эртең ажылык амалдын акыркысын аткарат

© Фото / Максат АтабаевМина өрөөнүндөгү зыяратчылар
Мина өрөөнүндөгү зыяратчылар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Сауд Аравиясында дүйнөнүн чар тарабынан келген зыяратчылар мусулманчылыктын бир парзы болгон ажылык амалдарын аткарууда.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылар эртең ажылык амалдарынын акыркыларын аткара турганын аларды Сауд Аравиясында коштоп жүргөн КР муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргызстандык зыяратчылар Мина өрөөнүнө келишти.

"Биздин зыяратчылар 11-сентябрда Арафат тоосуна барышкан. Азыр Мина өрөөнүнө келишти. Кечээтен тарта шайтанга таш ыргытуу амалын аткарышууда. Андан кийин ажыларыбыз Мекке шаарына барып, ал жактан ажылыктын акыркы амалдары болгон Каабаны айланып, Сафа менен Марва тоолоруна чыгат", — дейт Атабаев.

Ал ошондой эле акыркы амалдар аткарылгандан кийин ажылар эс алып, Кыргызстанга кайтууга даярдыктарды көрөрүн кошумчалады.

Сауд Аравиядагы ажылыкка келген мусулмандардын чатыр лагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл биринчи жолу 24 тонна муз бөлүндү
Андан сырткары, Сауд Аварияда күн ысык болгондуктан айрым ажылардын кан басымы көтөрүлүп, кант диабетинен жабыркагандар бар экенин белгиледи. Аларга дарыгерлер керектүү болгон бардык жардамдарды көрсөтүп жатат.

Атабаев кыргызстандык ажылар 17-сентябардан баштап мекенине кайта турганын, алгачкы үч каттам Бишкекке консо, калган 11 каттам Ошко конорун билдирди.

Ажылардын акыркылары 30-сентярда келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0