Клинтон абалы жакшырганын айтканы менен экрандан көрүнгөн жок

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон. Архив
АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хиллари Клинтон өзүнүн начар акыбалын ысык, жана нымдуу аба ырайына байланыштырды.

БИШКЕК, 13- сен — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон телефон аркылуу CNN каналына берген интервьюсунда өзүн жакшы сезип калганын айткан, ошентсе да ал экрандан көрүнгөн жок. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер: өзүн начар сезип, иш-чарадан кетип калган Клинтон өпкөсүнөн кагынган
11-сентябрда Нью-Йоркто өткөн иш-чарада Клинтон өзүн начар сезе баштаган. Интернет айдыңында Клинтонду жардамчылары менен кароолчулары унаага отургузуп жатканда эс-учун жоготуп жыгылганы чагылдырылган видео тараган. Мындан кийин талапкердин штабы 68 жаштагы Клинтон өпкөсүнөн кагынганы жума күнү аныкталганын жана ага дарыгерлер антибиотиктерди жазып бергенин кабарлаган. Буга чейин Клинтон жөтөлүп жүргөндүгүн аллергияга байланыштырып келген. Мындай маалыматтар талапкер айымдын начар ден соолугу жөнүндөгү ушактарды курчутту.

"Мен өзүмдү жакшы сезип калдым", — деди Клинтон телефон аркылуу болгон маекте. 

Хиллари буга чейин дарыгердин айткан кеңештерине кол шилтеп койгонун кошумчалап, өзүнүн начар акыбалын ал нымдуу жана ысык аба ырайына байланыштырды.

"Ысыкта көпкө туруп калганымды сезип, ал күнкү иш-чарадан кетүүнү чечтим", — деди кандидат. 

Клинтондун маалыматына ылайык желдеткичи бар унаага түшүп жана суу ичкенден кийин, ал өзүн жакшы сезе баштаган. Мындан улам ал Калифорнияга болгон сапарын токтотууга аргасыз болду. Дарыгерлер Клинтондун шайлоо кампаниясына качан кайтып келери тууралуу айтыша элек. 

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0