Эрдоган мусулмандарды 10 тилде Курман айт менен куттуктады

© REUTERS / Umit BektasТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти бардык мусулмандарды орусча, англисче, күрдчө жана башка тилдерде Курман айт менен куттуктады.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бардык мусулмандарды Курман айт менен 10 тилде куттуктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

"Ислам дүйнөсүн Курман айт менен куттуктайм. Ушул майрам адамзатына тынчтык жана бакубатчылык алып келсин", — деп Twitter тармагындагы баракчасына жазып чыкты. 

Ушундай эле куттуктоо анын баракчасында түркчө, арабча, азербайжанча, боснияча, англисче, французча, немисче жана эки күрд тилдеринде жазган. 

Курман айт — курмандык чалуу майрамы. Сауд Аравиясындагы ажылык кылуу аяктагандан кийин өткөрүлөт. Бул жылы аталган майрам 12-сентябрга белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0