Түндүк Кореяда суу ташкыны 133 адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Мария Сидибе / Медиабанкка өтүүТүндүк Корея. Архив
Түндүк Корея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш кырсыгынан улам 107 миң адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Түндүк Кореяда суу ташкындан улам каза болгондордун саны 133 адамга жетип, дагы 395 адам дайынсыз болуп жатат. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресске шилтеме кылып кабарлады.  

Кытайдагы суу каптоонун кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда дамба жарылып, 8 миңден ашык адам коопсуз жайга чыгарылды
Буга чейин Түндүк Кореядагы Туманган дарыясы нөшөрлүү жамгырдан улам нугунан көтөрүлүп, мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыккан. Маалыматта баарынан көп Хамгён-Пукто провинциясы жабыркаганы айтылат. 

Бириккен улуттар уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы 107 миң адамдын жаратылыш кырсыгынан улам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирди. 

Учурда келтирилген зыяндын суммасын тактоо уланып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0