Дарыгер: өзүн начар сезип, иш-чарадан кетип калган Клинтон өпкөсүнөн кагынган

© REUTERS / Brian SnyderАКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон. Архив
АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15 жыл мурун болгон терактынын курмандыктарын эскерүү аземинде Клинтон өзүн начар сезип, иш-чараны таштап кетүүгө аргасыз болгон.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун жеке дарыгери 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына чейин эле өпкөсүнөн кагынганын билдирген. 

Буга чейин мындан 15 жыл мурун болгон терактынын курмандыктарын эскерүү аземинде Клинтон өзүн начар сезип, иш-чараны таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Маалымат катчысы Ник Меррил талапкердин аталган иш-чарада ден соолугу начарлап кеткенин ырастады. Ал эми дарыгер Лиза Бэрдактын айтымына караганда Клинтон бир нече күн жөтөлдөн жабыркап келген. 

"Көптөн бери жөтөлүп жүргөн Клинтон жума күнү текшерүүдөн өткөн. Натыйжада өпкө дартына чалдыкканы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта. 

Мындай диагнозго байланыштуу Клинтонго антибиотиктер жазылып, эс алуу сунушталды. 

Жекшемби күнү талапкердин жеке дарыгери анын ден соолугун кайрадан текшерип, Клинтондун сакайып баратканын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0