АКШнын физиктери жабылып турган китептерди окуганды үйрөнүштү

Жазылуу
Окумуштуулар ойлоп тапкан сканер 20 беттүү китепти окууга же көп беттүү китептин алдыңкы 20 бетин карап чыгууга мүмкүнчүлүк жаратты. Жакынкы аралыкта абдан калың китептерди окууга шарт түзүлүшү ыктымал.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШнын окумуштуулары жабылып турган китептерди окууга мүмкүнчүлүк жараткан атайын жабдык ойлоп табышты. Бул тууралуу Nature Communications журналына шилтеме жасоо менен РИА Новости жазып чыкты 

"Нью-Йорктун музейи кол тийгизүүгө тыюу салынган китептерди окуу үчүн аталган жабдыкка кызыгып жаткандыгын билдирди. Негизи бул технологияны көптөгөн багыттар боюнча колдонууга болот. Мисалы сайттардын басымдуу бөлүгүндө капчалар болот (Компьютердик тест. Системанын колдонуучусу адам же компьютер экенин аныктайт). Биз түзгөн алгоритм символдорду чечмелөөгө жөндөмдүү келет", — деп билдирди Массачусетс технологиялык институттун окумуштуусу Бармак Хешмат.

Хешмат менен анын кесиптештери мындай технологияны атайын шооланын жардамы менен түзүшкөн.

АКШнын президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШлык окумуштуу жаңы мите курттун түрүнө Обаманын атын берди
Теория боюнча бул жабдык ар кандай калыңдыктагы китептерди окуй алат. Бирок тажрыйба жүзүндө буга фондук үндөр жолтоо болгон. Ушул себептен окумуштуулар мите сигналдарды жок кылып, тамгаларды таануучу алгоритм түзүшкөн.

Анын арты менен окумуштуулардын сканери 20 беттүү китепти окууга же көп беттүү китептин алдыңкы 20 бетин карап чыгууга мүмкүнчүлүк жаратты. Жакынкы аралыкта абдан калың китептерди окууга шарт түзүлүшү ыктымал.

Физиктер мындай сканер кол тийгизүүгө болбогон китептерди же материалдарды окуу үчүн эң алгач археолог, тарыхчы жана криминалисттер кызыгарын айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0