Белоруссиядагы парламенттик шайлоо өттү деп таанылды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларусиядагы парламенттик шайлоо
Беларусиядагы парламенттик шайлоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы өз добуштарын беришкен.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Белоруссиянын Улуттук жыйынынын палатасына (парламенттин төмөнү палатасы) болгон шайлоо өттү деп таанылганын РИА Новости агенттиги өлкөнүн Борбордук шайлоо комитетине шилтеме берүү менен кабарлады.

Белоруссиянын БШКсынын берген маалыматына ылайык, шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы өз добуштарын беришкен.

"Саат 14.00гө (жергиликтүү убакыт — автор) алынган маалымат боюнча өз добушун 52,49 пайыз шайлоочу берген", — деп айтылат маалыматта.

Белоруссиядагышайлоо мажоритардык система боюнча өтүүдө. Анда 110 аймактан 110 депутат шайланат.

Шайлоого көзөмөл кылган КМШ мамлекеттеринен келген байкоочулар шайлоонун өтүшүн оң баалашты. Алар ушундай эле бааны ЕККУнун байкоочулары да берет деген ниетин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0