АКШ менен Япония Түндүк Кореяга эки тараптуу чараларды көрүшү мүмкүн

© REUTERS / Kim Hong-JiТүндүк Кореяда ракетанын учурушунун сынагын сыналгыдан көрсөтүү. Архив
Түндүк Кореяда ракетанын учурушунун сынагын сыналгыдан көрсөтүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кореянын жетекчилиги жума күнү өзөктүк куралды сыноо ийгиликтүү өткөнүн билдирип, баллистикалык ракеталарын жабдый тургандыктарын жар салган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Эки күн мурда өзөктүк бомбасын сынаган Түндүк Кореяга карата АКШ менен Япония бир тараптуу же эки тараптуу чараларды көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Рейтерге шилтеме берүү менен билдирди. 

"БУУнун Коопсуздук кеңешинин аракеттерине кошумча АКШ менен Япония Түндүк Кореяга карата бир тараптуу же эки тараптуу, керек болсо үч тараптуу кызматташууну карашы мүмкүн", — деп Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Сун Ким билдирген.

Түндүк Кореянын өзөктүк курал сыноосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореянын өзөктүк курал сыноосу Кытай менен Россиянын да тынчын алды
Түндүк Кореянын аракетин ал чагымчылдык жана акылга сыйбаган жорук деп атады.

Буга чейин Түштүк Корея менен АКШнын Тышкы иштер министрликтери Пхеньянга карата санкцияларды күчөтүүгө жетишүү боюнча сүйлөшүшкөн.

Түндүк Кореянын жетекчилиги жума күнү өзөктүк куралды сыноо ийгиликтүү өткөнүн билдирип, баллистикалык ракеталарын жабдый тургандыктарын жар салган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0