Эдвард Сноуден "Сноуден" тасмасында өзүнүн ролун ойноду

© AFP / AFPTVАКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден. Архив
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Картинанын дүйнөлүк премьерасы Торонтодо 9-сентябрда болот. Ал эми россиялыктар аны 15-сентябрда көрө алат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден жөнүндө тартылган тасмада ал өзүнүн ролун ойнойт. Бул туурасында РИА Новостиге тасманын продюсери Игорь Лопатенок айтып берген. 

Картинанын дүйнөлүк премьерасы Торонтодо 9-сентябрда болот. Ал эми россиялыктар 15-сентябрда көрө алат. 

"Эдвардды Москвада бир күн тарттык. Ал эми негизи тартуу иштери Мюнхенде, Гаваиде, Гонконгдо, Вашингтондо, иши кылып ал бара алган жерлерде болду. Режиссер Оливер Стоун Эдвард Сноуден менен Москвада 10 ирет жолукту. Башкы ролду аткарган Жозеф Гордон-Левитт да аны менен кездешти", — деп айткан ал.

Продюсердин айтымында, россиялык көрүүчүлөр америкалыктарга караганда тасманы төрт мүнөткө узагыраак көрө алат. АКШда картина 16-сентябрда коюлат. 

"АКШнын прокатындагы тасманын кайсыл жерин кесип салганы азырынча сыр бойдон турат. Бирок россиялыктар толугу менен көрөт", — деди ал.

Ал Сноуден тасманы көрүп, жактыргандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0