Мексика: полициянын тик учагы атып түшүрүлүп 4 адам каза тапты

© AFP / HECTOR GUERRERO Мексика полиция кызматкери. Архив
Мексика полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мексика полициясы криминалдык топтун лидерлерин колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзгөн.

БИШКЕК, 7- сен. — Sputnik. Мичоакан (Мексика) штатындагы операция учурунда кылмышкерлер тобу полициянын тик учагын атып түшүргөн. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянып жазып чыкты.

Мексикадагы жарылуудан каза болгондордун саны 24 адамга жетти
Маалыматка ылайык, полиция тик учактын жардамы менен кылмышкерлер тобун колго түшүрүү ыкчам операциясы жүрүп жаткан. Аткылоонун натыйжасында полициянын үч кызматкери жана учкуч – жалпысынан төрт адам каза болгонун штаттын губернатору Сильвано Ауреолес өзүнүн Twitterдеги баракчасына жазды.

Мичоакан штаты Түштүк Америкадан АКШга баңгизаттарын ташуу жаатындагы эң бир маанилүү объектилердин бири. Аны "Мичоакан үй-бүлөсү" жана " Тамплиерлер орденинин рыцарлары" деген эки кылмыш тобу жетектеп, аймактагы таасир үчүн өз ара күрөшүп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0