Дүйнөдө биринчи жолу бет терисин алмаштырган франциялык аял дүйнө салды

© AFP / DENIS CHARLET Дүйнөдө биринчи жолу бет терисин алмаштырган франциялык Изабель Динуар. Архив
Дүйнөдө биринчи жолу бет терисин алмаштырган франциялык Изабель Динуар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изабель Динуар 38 жашында бетин итке талатып алган. 2005-жылдын ноябрь айында моюн, ооз, ээктеринин ткандары алмаштырылган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйнөдө биринчи жолу бет терисин алмаштырган франциялык Изабель Динуар көз жумгандыгы тууралуу РИА Новости Figaro гезитине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Польшалык дарыгерлер баш терисинен ажыраган аялды сактап калышты
Динуар 38 жашында бетин итке талатып алган. 2005-жылдын ноябрь айында моюн, ооз, ээктеринин ткандары бетине жамалган. Операция Амьен шаарында жасалып, Динуар бетин жаматкан дүйнөдөгү биринчи адам болуп калды.

Бир нече жыл өткөндөн кийин жамалган ткандар көнүшүп кетпей бөлүнө баштаган. Мындан улам бейтаптын оозу дээрлик иштебей калган. Өмүр боюу колдонууга жазылып берилген дарылар рак шишигинин эки түрүн пайда кылган. 

Натыйжада Изабель Динуар бети жамалгандан 11 жыл өткөндөн кийин дүйнө салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0