Москвадагы өрт: басмакананын директору маркумдардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөйт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРоссиянын ӨКМ кызматкери. Архив
Россиянын ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берилүүчү каражаттын суммасы айтылган жок.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Москвадагы өрттөнгөн басмакананын директору Сергей Москвин андан каза болгон 17 адамдын үй-бүлөсүнө компенсация төлөй турганын адвокаты Елена Звездина билдирди.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 17 киши каза болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталып, дагы үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Окуядан кийин ишкананын директоруна издөө жарыяланып, кечээ өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына келгени айтылган. 

"Москвин каза болгон кыз-келиндердин туугандарына компенсация иретинде акча төлөп берүүнү туура көрүп, каражат бүгүн берилди", — деди адвокат.

Төлөмдүн суммасын айтуудан баш тарткан жактоочу учурда акча россиялык жарандардын туугандарынын эсебине которулганын, эми кыргызстандыктар менен байланышууга аракет көрүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0