Месси чачынын "агарып" кеткен себебин түшүндүрдү

© AFP / OLI SCARFFАргентинанын футбол боюнча курама командасынын капитаны жана "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси. Архив
Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын капитаны жана Барселонанын чабуулчусу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу футболчу июлдун соңунда чачын акка боеп, күйөрмандарын да, дүйнө коомчулугун да бир "солк" эттирген.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын капитаны жана "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси имиджин "жашоосун жаңыча баштоону каалап" өзгөрткөнүн айткан. Бул тууралуу Goal.com. спорттук басылмасы билдирди.

"Көңүлүм карарып, маанайым чөгүп турган бир күнү чачымды боеону чечтим. Жаңыча жашоо башташым керек эле. Алгач өзүм өзгөрүп, анан баарын башынан баштоону ойлодум", — дейт футболчу. 

Чачы агарткан жаңы имиджи менен Месси коомчулукка июлдун аягында чыкты. Ал эми андан бир ай мурун Чили командасынын курамында ойноп жатып, Америка кубогу үчүн болгон беттеште утулуп калгандан кийин Аргентина командасынын курамынан чыгуу ниетин билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0