Сауд Аравиясына миллиондон ашуун зыяратчы келди

© AFP / SAM PANTHAKYСауд аравиядагы мусулмандар. Архив
Сауд аравиядагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык жана умра боюнча министрлигинин маалыматында бул сапар араб жана ислам өлкөлөрүнүн ичинен 54 мамлекеттен расмий делегация келген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сауд Аравиясынын аймагына, Мекке менен Мединага быйылкы ажылык сапарга 1,1 миллиондон ашуун зыяратчы келди. Бул туурасына РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлады.  

Падышалыктын Паспорттук көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын билдиргенине караганда, ажылыкка чет өлкөлөрдөн дагы 1,5 миллион адамдын келиши күтүлүп жатат. 

Меккедеги шайтанга таш ыргытууга бараткан зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажылыктагы тыгылыштан арылуу жолу табылды
Өлкөнүн Ажылык жана умра боюнча министрлигинин маалыматында бул сапар араб жана ислам өлкөлөрүнүн ичинен 54 мамлекеттен расмий делегация келген. Мусулмандар үчүн ыйык болгон бул жайга быйыл 160 улуттун өкүлдөрү келмекчи. Алардын ичинде буга чейин аталган өлкөгө былтыркы ажылык учурундагы кырсыкта арбын жараны каза тапкан Иран өлкөсү да бар.

Мина өрөөнүндө былтыр болгон кырсыктагы жөөлөшүүдө 464 ирандык каза тапкан

Адатта ажылык учурунда жөөлөшүү болуп, андан зыяратчылар көз жумган учурлар кездешип келет. 2015-жылдын 24-сентябрында Меккеге жакын Медина өрөөнүндө эң ири кырсык болуп, андан жалпы жонунан 2,2 адам каза тапкан. 

Буга чейин Сауд Аравиясы коопсуздук чараларын эң жогорку деңгээлге жеткиргенин, зыяратчыларга элеткрондук билерик тагып, байкоо камераларын арбын орноткондугун билдирген.

Сауд Аравиясына быйылкы ажылык сапарга Кыргызстандан 3685 адам кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0