Сирия армиясы Алеппонун түштүгүндөгү маанилүү делген аймактарын бошотту

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары, Сирия. Архив
Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аскерлери мындай аракеттери менен согушкерлер басып алган аймактарды кыскартып, аларды Рамус кварталынан сүрүп чыгаруу аракетерин көрүүдө.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Сирия өкмөтүнүн аскерлери Алеппо шаарынын түштүгүндөгү террорчулардын карамагынан аба күчтөрүнүн мектебин жана училищени бошотконун РИА Новости агенттиги билдирди.

Аталган аймакты бошотуу аракеттери жекшембинин түнү башталган. Аскерлер алгач согушкерлерди жабдып жаткан жолду буушкан. Айыгышкан салгылаш таң атканча уланган.

Өкмөт аскерлери мындай аракеттери менен согушкерлер басып алган аймактарды кыскартып, аларды Рамус кварталынан сүрүп чыгаруу аракетерин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0