Кытайда жер планетасынын эң кары кишиси каза болду

Жазылуу
Кытайдын эл аралык радиосу кабарлагандай карыя ишенби күнү эртең менен тамак ичүүдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кытайдын Чэнду шаарында 120 жаштагы жер планетасынын эң кары адамы Фу Суцин каза тапкандыгы тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Агенттиктин маалыматына караганда кары аял ишемби күнү эртең менен саат 8.25 чамасында өзүнүн үйүндө каза болгон. Фу Суцин 21-августта 119 жашын белгилеген. Анын 70ге чукул небере, чөбүрө, чеберелери бар.

Кыргызстанда улгайгандар үчүн улуттук программа кабыл алынат
Кытайдын эл аралык радиосу кабарлагандай карыя ишемби күнү эртең менен тамак ичүүдөн баш тарткан. Ал курсагы ток экенин билдирген. Буга ылайык туугандары өздөрүнчө тамак жегени чыгып кетишкен. Келгенден кийин анын жан бергенин билишкен. Карыянын чебереси Лэн Тин чоң энесинин ден соолугу жыл башынан бери начарлап кеткенин билдирди.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазган маалыматына караганда Фу Суцин 21-августта эмес 1897-жылдын 18 же 19-июлунда төрөлгөн. Carry the Flag World Records уюму 2013-жылы Суцинди жер планетасынын эң кары адамы катары тааныган. Бирок башка уюмдар үн каткан эмес.

Гиннес рекорддор китебинде эң картаң адам катары Сузанна Мушатт Жонс катталган. Ал 1899-жылы АКШнын Алабама штатында төрөлгөн. Ал 2015-жылдын 13-майында 117ге толгон курагында Нью-Йоркто каза болгон. Гиннес рекорддор китебине эң кары адам катары расмий катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0