Тынч океанынан табылган балыктын жаңы түрүнө Обаманын ысымы ыйгарылат

© AP Photo / Pablo Martinez MonsivaisАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар быйыл жыл аягына чейин балыкты расмий сыпаттап берүүнү пландаштырышууда.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. АКШнын Гавайи штатындагы музейдин окумуштуулары Тынч океанынан табылган балыктын жаңы түрүн Барак Обаманын урматына президенттин ысымын ыйгарууга ниеттенип жатышат. Бул тууралуу National Geographic журналына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Балыктын бул жаңы түрү аралдын түндүк тарабындагы Куре аймагында жайында жасалган изилдөө экспедициясынын жүрүшүндө табылган. 

Окумуштуулар быйыл жыл аягына чейин балыкты расмий сыпаттап берүүнү пландаштырышууда.

"Бул кадам менен биз президентке Папаханаумокуакеа коругун кеңейтип бергени үчүн ыраазычылык билдирели дегенбиз", — деди деңиз биологу Ричард Пайл. 

Ал эми Обама журналга берген маегинде ысымынын балыкка ыйгарылышын сыймыктануу менен кабыл аларын айтып, алтын түстүү балыктын көрүнүшү жагымдуу экенин кошумчалаган.

Аталган корук 2006-жылы ошол кездеги президент Жорж Буштун демилгеси менен негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0