16:13 20 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
8710

Дипломатиялык маалымат булактарынын айтканына караганда эки тарап бир саатка чукул аймактагы абалды талкуулаган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Түрк министри Мевлют Чавушоглу Кытайда G20 саммитине барып, АКШ мамкатчысы Жон Кэрри менен Фетхуллах Гүленди экстрадициялоону талкуулады. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме берип кабарлады. 

Дипломатиялык маалымат булактардын айтканына караганда эки тарап бир саатка чукул аймактагы абалды, Сириянын Манбиж жана Жараблус шаарындагы жана Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөшүү маселесин талкуулаган.

16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Негизги кагылышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өттү. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылышкан. Гүлен төңкөрүш аракетин кескин сындап, ага тиешеси жок экенин билдирген.

Тема боюнча

Казакстандагы түрк лицейлерин атайын комиссия текшере баштады
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, Жон Керри, Фетхуллах Гүлен, Мевлют Чавушоглу, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ